Садыр Жапаров Каракол шаарынын ички жолдорунун реконструкцияланышы жана курулушу менен таанышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын ички жолдорунун реконструкцияланышы жана курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Каракол шаарында калаанын башкы жолдорунда реконструкциялоо иштери соңуна чыгууда. Бул — Торгоев, Токтогул жана Пржевальск көчөлөрү.

Мамлекет башчы жолдорду реконструкциялоо жана куруу иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү керек.

Президент Садыр Жапаров автомобиль жолдорун учурдагы заманбап стандарттарга жооп бергидей кылып реконструкциялоо жана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен жергиликтүү тургундар менен Каракол шаарын келип жаткан туристтерге да ыңгайлуулукту жогорулатат.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга реконструкцилоону аяктоо мамлекеттик каражаттардын натыйжасыз колдонуунун алдын алып, бардык зарыл иштердин өз убагында жана сапаттуу ишке ашуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты