Садыр Жапаров: Камчыбек Кыдыршаевичке Кыргыз футбол федерациясынын башына барууну сунуштадым

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде курама команданын Азия кубогунан четтелиши, Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети менен президентинин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетиши боюнча комментарий берди. Жапаров өз сөзүндө Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине Ташиевди сунуштаганын да белгиледи.

Акыркы убактарда футболчуларга тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштадык. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым.

Президент футболдо көп нерсе машыктыруучудан көз каранды болорун айтып, Кыргызстан сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбур экенин да белгиледи.

Машыктыруучудан көп нерсе көз каранды. Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл. Ошол үчүн, азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат.

Ошондой эле, Жапаров келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенерин билдирди.

Эске салсак, 25-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады. Анда турнирдин «F» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда Кыргызстан Омандын курама командасы менен беттешти. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.

Кыргызстан кийинки баскычка өтүү үчүн Оманды эң аз эки гол айырма менен утушу керек болчу. Командалардын тең чыгуусу D тайпасында 3-катардагы Индонезия командасынын плей-оффко өтүшүнө шарт түздү.

29-январда Кыргызстандын Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты