Садыр Жапаров Көк-Жардагы үйлөрдүн тагдырына токтолду
- 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Ататүрк сейил багындагы үйлөрдүн абалы боюнча сынга комментарий берди. “Кабар” агенттигине курган маегинде мамлекет башчысы сейил бактагы абал кош стандарттуулуктун мисалы эмес деп билдирди.
Президенттин айтымында, сейил бактагы үйлөр 2005-жылы курулган жана быйыл жазында бийлик алардын ээлери менен жолугуп, аймакты масштабдуу реконструкциялоону талап кылган. Анын ордуна 5 гектар жерге жайгашкан 68 жеке үйдү жана бир нече көп кабаттуу үйлөрдү бузбоо чечими кабыл алынган.
“Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр «снос» болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 млн сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 млн сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты” -деди Жапаров.
Андан тышкары президент өзгөчө айыл чарба жерлериндеги мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырууга жол берилбестигин, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурарын белгиледи.
“Эгер биз алардын баарын мыйзамдаштыра берсек, анда көндүм адат болуп бара-бара айдоо жерлерибиз калбай калат. Өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кыла албай башка өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз. Ансыз деле бүгүнкү күндө айрым тамак-аштын түрлөрү боюнча өзүбүздү камсыздай албайбыз” — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал жарандарды курулуш үчүн айдоо жерлерин басып алууну токтотууга чакырды. Ал белгилегендей, өлкөдө турак-жай маселеси курч турат, ошондуктан мамлекет ипотекалык системаны өнүктүрүп, уруксаты жок үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга үндөп жатат.
Мамлекет башчысы үйү бузула тургандарга батирлер керек болсо Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезексиз берилиши керектигин баса белгиледи. Ошол эле учурда Жапаров мыйзамсыз жер алууга аракет кылгандардын аты-жөнүн жарыялоону убада кылды.




