Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкына “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча долбоорго катышууну сунуштады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин билдирип, кызматташуудагы негизги жыйынтык катары “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын атады.

Президенттин айтымында, аталган программанын алкагында калкты турак жай менен камсыздоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 млн АКШ доллар бөлүп берет. Бул каражатка болжол менен 1800 үй-бүлөнү социалдык турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкына “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мухаммед Аль-Жассер өз кезегинде кичи ГЭСтерди куруу, адам ресурстарын өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорлорду каржылоону кароону сунуштады.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга кошкон олуттуу салымы үчүн Мухаммед Аль-Жассерди “Достук” ордени менен сыйлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты