Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгарды
- 1 год мурун
Садыр Жапаров өлкөдөгү ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салган Жарлыкты жокко чыгарды. Бул тууралуу Эркин-Тоо гезитинин 21-февралда чыккан санында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Жарлыкка 17-февралда кол койгон. Документте аталган Жарлык жарыяланган күндөн тарта (21-февраль, 2025-жыл) күчүнө кирери жазылган.
Жарлыкка ылайык, өлкө президентинин 2024-жылдын 9-январындагы «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




