Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта иш сапары менен Венгриянын борбору Будапешт шаарына барды.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, Жапаров иш сапардын алкагында Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышат.
Мамлекет башчыны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков коштоп кетти.
Муну бөлүшүү