Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат.

«Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты