Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга кетти

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти. Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты