Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, иш сапары менен Казакстанга барды.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Садыр Жапаровду Астанадагы эл аралык аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Иш сапар алкагында Жапаров Беларусь, Казакстан, Россия башчылары жана Армениянын вице-премьер-министри менен биргелешип, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышат, ошондой эле Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборундагы көргөзмөгө барат.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




