Садыр Жапаров Ирандын президентине суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ирандын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты