Садыр Жапаров Ильхам Алиевди Азербайжандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.
Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Муну бөлүшүү