Садыр Жапаров Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолукту

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Европа биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Европа биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин белгиледи. Өз кезегинде Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Бишкек шаарында 5-ноябрда «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт. Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан чыгуунун чараларын иштеп чыгуу жана талкуулоого багытталган. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөт өкүлдөрү катышат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты