Садыр Жапаров Европа Биримдиги Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-июнда Чолпон-Ата шаарында Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кеңейтилген форматтагы жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Кеңейтилген форматтагы жолугушууда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Европа Бирлиги Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Европа кеңешинин президентинин биздин өлкөгө сапары жана бүгүнкү жолугушууларыбыз Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп саналат. Биринчиден, мен Европа Бирлигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Бирлиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт«, — деди Жапаров.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга 2-июнда келген. Ал ошол эле күнү Чолпон-Ата шаарында өткөн «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышкан.

3-июнда Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты