Садыр Жапаров энергетика министрине күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Азыр жайдын ортосуна келдик, көмүрлөрдү эртерээк даярдаңыз, графиктерди дагы бир жолу өзүңүз карап чыгыңыз. Биз сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз, андыктан көмүргө байланыштуу эч кандай маселе жаралбашы керек», — деди президент. 

Министрдин энергетика тармагындагы иштер, атап айтканда, ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана алардын создуктурулуп жатышынын себептери тууралуу маалыматын угуп, Мамлекет башчысы «Бала-Саруу», «Токтогул» ГЭСинин 4-гидроагрегаты жана башка иштер боюнча берилген тапшырмаларды катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСине да токтолуп, ал биздин урпактарга кала турган кылымдын имараты болорун белгиледи. 

Мындан улам президент Садыр Жапаров ГЭСте аткарылган иштер боюнча ай сайын өзүнө жана өлкө элине отчет берип турууну тапшырып, андагы кырдаалдан калк кабардар болуп турушу керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты