Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматта мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктаганы айтылат.

«Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди,» — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешкен.

Ошондой эле эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүн болгонун билдиришкен.

«Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти», — деп айтылат президенттик администрация тараткан билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты