Садыр Жапаров Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Улуу Даражалуу Королева Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргыз Республикасында терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Королева Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты