Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө чакырды

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышууда. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара Азербайжан жана Монголия менен биргеликте Кыргызстан тарабынан уюштурулган.

Иш-чарада өлкө башчы тоолуу аймактарда жашаган адамдар катаал табигый шарттар, табигый кырсыктар, айыл чарба жерлеринин начар түшүмдүүлүгү, изоляция сыяктуу кыйынчылыктарга туш болорун жана мунун баары алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, жакырчылыктын өсүшүнө алып келерин айткан.

«Бүгүн климаттын өзгөрүшү биздин мөңгүлөргө, суу ресурстарыбызга, айыл чарбабызга жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын мөңгүлөрү теңдешсиз ылдамдыкта эрип жатат: акыркы 50-70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 1262 км²ге же жалпы аянттын 16%га кыскарды. Бул тенденция уланса, кылым аягында мөңгүлөрдүн көбү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул жөн гана статистика эмес – бул мөңгүлөрдөн башталган таза сууну пайдаланган миллиондогон адамдардын жашоосуна жана жыргалчылыгына түздөн-түз коркунуч”, — деген ал.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү көйгөйүн бир да өлкө өз алдынча чече албай тургандыгын белгилеген. Мындан улам ал эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырган.

«Ушуга байланыштуу, биз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолор жана мөңгүлөр көйгөйлөрүнө бурууга багытталган саясий документ болгон Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияга кошулууга чакырабыз»,- деген өлкө башчы.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан 11 өлкө менен биргеликте тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын айткан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты