Садыр Жапаров: «Экономикабыздын өсүшүнө бардык тармактар салым кошуп жатат»

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине экономиканын өсүшү тууралуу маек берди.

Анда ага «Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-кварталдын жыйынтыгы менен экономикабыздын өсүшү 8.8%, ал эми “Кумтөрдү” эсепке албаганда бул көрсөткүч 9.8% түзгөнүн айтты. Ушул чынбы? Мындай өсүштү камсыздоого экономикабыздын кайсыл тармактары салым кошту?» деген суроо берилди.

«Албетте чын. Бул расмий сандар. Улуттук статистикалык комитети ар бир сандарга көз салып, эсептеп турушат.

Мындан сырткары, Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөлдөп олтурат да. Экономикабыздын өсүшүнө бардык тармактар салым кошуп жатат.

Албетте салык төлөөчүлөр боюнча:
1. «Кумтөр»
2. «Альянс алтын» (Жерүй)
3. «Алтын кен»
4. «Нур телеком»
5. «Скай Мобайл» (Bitel)
6. «Альфа Телеком» (MegaCom)
7. «Ред Петролеум» (Альфа Ойл)
8. «Партнер нефть»
9. «Газпромнефть»
10. «Топ ночь»
11. «Айыл Банк»
12. «Оптима» сыяктуу компаниялар алдыңкы орунду ээлешет.

Ал эми экономиканын өсүшүнө, инфляциянын ылдый кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң», — деп жооп берди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты