Садыр Жапаров эки жыл мурун “мамлекеттик банкты алдаган” деп айыптаган ишкер Генрих Балянга “Даңк” орденин тапшырды

12-сентябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президенттин сайтында сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салымын кошкондорго тапшырылганы тууралуу маалымат жарыяланган.

Анда мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка тармактардын өкүлдөрү татыктуу болушканы жазылган.

Президент дагы өз сөзүндө залга күжүрмөн, эмгекчил муундун көрүнүктүү өкүлдөрү жыйналып, ар түрдүү муундагы адамдар, ар тармактын мыктылары олтурганын белгилеген. 

Сиздер – өлкөбүздүн күч-кубаты, дарамети, байлыгы, ишеними жана сыймыгы десем аша чапкандык болбос”, — деген Садыр Жапаров.

Сыйлык тапшырылгандардын катарында ишкер Генрих Балян дагы болду. Ал “Даңк” ордени менен сыйланды.

Садыр Жапаров эки жыл мурун “мамлекеттик банкты алдаган” деп айыптаган ишкер Генрих Балянга “Даңк” орденин тапшырды

Генрих Балян деген ким?

Генрих Балян Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу, ишкер, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси катары белгилүү.

Ал 2021-жылы июнь айында УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган. УКМК Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен сүйлөшүп алып, өтпөй турган, баасы 670 миң доллар деп өтө эле жогору көрсөтүлгөн мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыяны алганы аныкталганын билдирген. Балянга карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголгон. Ал атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төгүп, кийин үй камагына чыккан.

Бул тууралуу Садыр Жапаров өзү дагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукканда айткан. 

Жакында укук коргоочу Чолпон Жакупова “бизнесмендер кыргызстандан кеткиле мыйзам силерди коргой албайт” деп кыйкырып чыкты. Ушул окуя боюнча силерге, жалпы коомчулукка айтып коюшум зарыл. Эл туура түшүнүшү керек, силер бизнесмендер дагы билишиңер шарт. Балян деген бизнесмендерди жакшы билесиздер, ал мамлекеттик банкка болор-болбос күрөө коюп туруп, 2 жарым миллион доллар насыя алып кеткен. Бирок бир дагы ай же болбосо бир күндүк пайызын ушул күнгө чейин төккөн эмес. Ал насыяны мамлекеттик банкты алдап, ошол банктын жетекчилери менен сүйлөшүп, аларга парасын берип алган. Анын эч нерсеге татыбаган күрөөсүн таштап кетейин деген максаты болгон. Бирок УКМКнын күчү менен суракка алганда банкирлер дагы чындыгында пара алганбыз деп өз мойнуна алган”, — деген Садыр Жапаров.

Бирок ал эки жылдан кийин алдамчылыкка айыпталган Генрих Балянга мамлекеттик сыйлык ыйгарды.

Илим, билим берүү жана саламаттык сактоо, мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатында, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, ошондой эле өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоого сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасында спортту жана туризмди илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга сиңирген эмгеги үчүн “Karven” компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана президенти Балян Генрих Григорьевич “Даңк” ордени менен сыйлансын”, — деп жазылат президенттин тийиштүү жарлыгында.

“Даңк” ордени кимдерге ыйгарылат?

Мамлекеттик сыйлыктар системасында I даражадагы «Манас» ордени,  II даражадагы «Манас» ордени, III даражадагы “Манас” ордени, «Курманжан датка», «Даңк», «Данакер», «Достук» жана «Баатыр эне» ордендери бар.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинде “Даңк” ордени менен кандай учурда сыйлана турганы жазылган. Ага ылайык, “Даңк” ордени экономика, илим, саламаттык сактоо тармактарына өмүрүн арнап, улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты жайылтууга салымын кошкон, спортко эмгеги сиңген инсандарга ыйгарылат.

Садыр Жапаров эки жыл мурун “мамлекеттик банкты алдаган” деп айыптаган ишкер Генрих Балянга “Даңк” орденин тапшырды

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаровдун колунан “Даңк” орденин алган Генрих Балян буга чейин Кыргызстанда алдамчылыкка айыпталып, камакка алынганы чын. Анын алдамчылык кылганы тууралуу Жапаров өзү дагы айткан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты