Садыр Жапаров: «Дааватка билими толук адамдарды жиберсек жакшы болот эле»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Анда президент дааватчылар жөнүндө суроого жооп берди.

«Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн? Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. “Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү” дейт. “Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат” деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле.

Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты