Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып, кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын ноябрь айында Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында бул сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өткөн.

Бул сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин Чечими менен кабыл алынган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аталган Эл аралык сыйлыкты президент Садыр Жапаровго берген. 

Мамлекет башчысы жалпы планеталык инсан, улуу адам Чыңгыз Айтматовдун жердеши, мекендеши болгонуна сыймыктанарын белгиледи. Эл аралык деңгээлдеги бул сыйлыкты тапшыруу жана жазуучунун үй-музейине өткөрүп берүү ал үчүн чоң кубаныч.

Айтматовдун жакындары менен жылуу маанайда баарлашкан Садыр Жапаров, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыкты.
Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов президентке музей, атасынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Ал Садыр Жапаровго өзү келип, берилген сыйлыкты жазуучунун үй-музейине жеке өзү тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөр учурунда мамлекет башчы менен Элдар Айтматов 2023-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты