Садыр Жапаров Чек арачылардын күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-майда президент Садыр Жапаров Чек арачыларднын күнү — кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынна билдиришти.

«Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендүүлүккө кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат. “Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деп, ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз төрт миң жети жүздөн ашуун чакырымга созулган Мекен чегин кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жайгдайларда болбосун, көз ирмебей күзөтүп келишет.

Бүгүнкү күндө мамлекет дагы, элибиз дагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда.

Чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улантылат.

Биздин өлкө ишенимдүү коргоодо деп айта алабыз. Ошол эле учурда ак ниет коноктор үчүн Кыргызстандын эшигин дайыма ачык.

Сиздердин чек арада кызмат өтөгөн жылдарыңыз өмүр баяныңыздын жаркын барактары болуп калганын, ардагерлер уюмдарындагы армиялык жөнөкөй достук жаңы салттар менен бекемделип жатканы жагымдуу көрүнүш.

Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта бериңиздер», — деп жазылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты