Садыр Жапаров: «Биз өлкө жетекчилиги эл ишеним артып берген милдеттердин өтөөсүнө чыгууга тийишпиз»

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 2 жылдан бери өлкөбүздө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз, буюрса, бара-бара дагы да түзөлөт. Биз өлкө жетекчилиги эл ишеним артып берген милдеттердин өтөөсүнө чыгууга тийишпиз!

Өлкөнүн коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн мыкты жөрөлгөлөр менен жакшы саамалыктар жаралууда.

Жогоруда белгилегенимдей, жер жүзү табияттын ар кандай апаат-кырсыктарына кабылып, ири аскерий конфликттер чыгып, дүйнөлүк экономикада олку-солкулуктар болуп, алардын таасири төгөрөктүн төрт бурчуна тараган маал. Мунун кесепети бизге да жетип, баалар эселеп өстү. Мындай шартта өнүгүү кадамдарын жети өлчөп, бир кесип, ошол эле маалда ыкчамдатып жасоо оңойго турбастыгы белгилүү. Ошентсе да биз социалдык багытта, мамлекеттик кызматтарда иштегендердин эмгек акыларын көтөрүүгө жетиштик. Баарыбызга белгилүү себептер менен социалдык көйгөйлөрдөн дагы өлкөнүн бүтүндүгү биринчи орунга чыккан коопсуздук маселесинен улам, коргонуу жаатында бир топ иш-аракеттерди жасоого үлгүрдүк. Миллиарддаган каражаттарга заманбап аскерий техникаларды сатып алдык.

Бүгүнкү күндө кайсы мамлекетти албайлык, тышкы дүйнө менен карым-катнаш түзбөстөн, өз алдынча өсүп-өнүгүп кетүүсү кыйын. Мындай шартта эң алды эл аралык коомчулукта өнөктөштүк, достук мамилелерди калыптандыруу зарыл. Биз стратегиялык өнөктөштөрдү күтүп, тарапташ жана дос өлкөлөрдү таап, алар менен кызматташуу процессин жолго койдук», — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты