Садыр Жапаров: «Бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок»

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди. Анда ага мурдагы президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев тууралуу суроо берилди.

«Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок. Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек», — дейт Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты