Садыр Жапаров Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты