Садыр Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров Кара-Бак айылындагы жолдун бөлүгүн жана ички көчөлөрдүн тротуарларын таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Бул президент Жапаровдун сентябрь айындагы чек ара жаңжалынан кийинки Баткенге болгон алгачкы сапары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты