Садыр Жапаров БАЭге иш сапары менен барат

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 12-13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров Дубайга БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен барып, Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.

«Президент Садыр Жапаровдун Саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда«, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты