Садыр Жапаров Азия чемпионатынан байге алгандарды куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатынан байге алгандарды куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Кыргыз балбандары мыкты күрөшүп дайыма алдыңкы орундарды алып келет. Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков.Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм! Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин», — деп жазды президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты