Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат.Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөтрүн айтты.

«Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат”, — деди Муратбек Азымбакие

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты