Садыр Жапаров Азербайжанга келди

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты