Садыр Жапаров атасынын аты ыйгарылган Ислам маданий борборунун ачылышына катышты

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы жаңы ислам маданий борборуна барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунда президенттин атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Ислам маданий борбору ачылды.

Маалыматка ылайык, борбор менен таанышуу учурунда мамлекет башчы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алуу менен мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болорун белгиледи. Бул ислам борбору калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган.

«Садыр Жапаров борбордун эки кабаттуу жаңы имараты менен таанышты. Биринчи жана экинчи кабатта намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Ушул эле жерде президент намаз окуду.

Мындан тышкары жер төлөдө имамдардын ыңгайлуу билим алуусу үчүн бардык шарттар менен 3 бөлмө жабдылып, борбордун аймагында чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган. Объекттин курулушу 2022-жылдын августунда башталып, 2023-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты