Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астана шаарына келди. Мамлекет башчынын борту «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу саммитинин ишине катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты