Садыр Жапаров Аспековдун каты боюнча: «Шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Анда ага «Камактагы жаран Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий бересизби?» деген суроо берилди.

«Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, чет жакта жүргөн башка бир активист Тилекмат Куренов Мелис Аспековдун абактан жазган катын жарыялаган. Катта Аспеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров башка саясий күчтөргө каршы күрөшүү үчүн Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар жардам алганын жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты