Садыр Жапаров: Аскердик техникаларды алып келүүгө 100 млн. доллар бөлдүк

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда өткөн басма сөз жыйынында, бир жылда аскердик техникаларды жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлүнгөнүн билдирди.

«Чек ара кызматына ок өтпөс чопкутталган унааларды алып бердик. Жакында акчасын которуп учкучсуз учактарды алып жатабыз. Орусияга акчасын төлөп берип тик учактар ремонт болууда. Жашырганда эмне 29-апрелде кагылышуу болгондо асманга учуп чыгар бир тик учагыбыз жок эле. Аскердик техникаларбыздын көбү жүрбөйт экен. Ошонун бардыгын жүргүздүк. Мунун баарын бюджеттик акчага алып жатабыз», — деп билдирди ал.

Бүгүн, 23-октябрда Президент Садыр Жапаров 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрдү. Ага 89 ЖМКдан 163 журналист акредитациядан өткөн. Анын 13ү чет өлкөлүк журналисттер.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты