Садыр Жапаров Аскер институтун күтүүсүз текшерүүгө алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Калийнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү жана абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасы, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышты», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле, Аскер институтунун курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты