Садыр Жапаров Арменияга учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-ноябрда президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев. 

Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты