Садыр Жапаров: «Алтын балалык» реаблитациялык комплекси бир эле мезгилде 400 баланы энелери менен кабыл ала алат»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-июнда президент Садыр Жапаров реконструкциялоодон кийин өз ишин баштаган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Садыр Жапаров билдиргендей, комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган.

Мамлекет башчы «Алтын Балалыкта» балдардын эс алуусу, балдарды бойго жеткенде, коомдо өнүктүрүү, эстетика, этика, көркөм сүрөт, компьютердик сабаттуулук жана башка багыттар боюнча балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн ачуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөөрүн белгиледи.

«Мамлекетибиздин келечегин татыктуу жаштарга өткөрүп берүүнү кааласак, балдарыбызды ар тараптан коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо, шык-жөндөмүн, талантын ачып, максатына жетишине көмөктөш болуу сыяктуу иш-аракеттерди сапаттуу деңгээлде ишке ашыруубуз кажет деп ойлойм. Демек, эртеңки келечегибиз бүгүнкү балдардын, жаңы муундун сак-саламат жетилишинен көз каранды. Мамлекет мындай ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү иш-максаттарды көз жаздымда калтырбайт, эртеңки күнүбүздүн жаркын үмүтү болгон балдарыбыздын эч нерседен тайманбай, көздөгөн максатына жете билген, ден соолугу чың эр-азаматтардан болуп чыгышына ар дайым маани беребиз», — деди  Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушарын кошумчалады. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты