Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Американын Кыргызстандагы жаңы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы элчинин ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалады. 

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. 

Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди. 

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Тараптар көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты