Садыр Жапаров Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Расмий маалыматка караганда, Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 км, анын 48 километри асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90 пайызга бүткөрүлдү.

«Жол мындан 50 жыл мурун курулуп, ушул убакыт аралыгында жараксыз абалга келген. Үстүбүздөгү жылдын июль айында оңдоо иштери башталган, техника жана жумушчулар жетиштүү. Курулуш иштери техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө», — деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.

Президент Жапаров жолду заманбап талаптарга ылайык сапаттуу куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында бул долбоордун бүтүрүлүшүн тездетүүнү тапшырганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты