Садыр Жапаров: «1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз»

  • 2 года мурун

1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк. 1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият  кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк.  1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк. Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз. Бул үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет. Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк.

Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок.

Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун», — дейт Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты