“Сабатсыз”, “Сабаттуу”, “Татыктуу”, “Алгылыктуу иши жок”. Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун бири-бирине карата айткан пикирлери кандай өзгөргөн?

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров тууралуу сын пикир айткан. Анда Садыр Жапаров Адахан Мадумаров ал жөнүндө колдогон пикирлерин билдирип келгенин белгилеген.

“Сабатсыз”, “Сабаттуу”, “Татыктуу”, “Алгылыктуу иши жок”. Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун бири-бирине карата айткан пикирлери кандай өзгөргөн?

Мындан улам ”ПолитКлиника” медиасы эки саясатчынын бири-бири тууралуу карама-каршы келген пикирлерин тизмектеди.

Адахан Мадумаров Садыр Жапаров менен кол кармашып, кучакташканга даяр экенин айткан

“Сабатсыз”, “Сабаттуу”, “Татыктуу”, “Алгылыктуу иши жок”. Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун бири-бирине карата айткан пикирлери кандай өзгөргөн?

2017-жылы Адахан Мадумаров тарапташтары менен жолугуп жатканда ага Садыр Жапаров тууралуу суроо берилген. “Мен Садыр Жапаровду кел, кучакташалы деп айтып чарчадым. Биз мыкты иштешчүбүз. Мынчасында келет деп айтышты, күтөсүң, келбейт. Ушуну менен 6 жыл өтүп кетти. Күтүп туралы, кайсы жерде болбосун, келсин кол кармашып, кучакташканга даярбыз”, — деген Мадумаров.

Адахан Мадумаров: “Садыр Жапаров азамат”

2017-жылы Адахан Мадумаровго Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча эл аралык сотко кайрылганы боюнча пикирин билдирген. “Азамат. Эл аралык сотко кайрылып, биз дагы колдон келген көмөгүбүздү беришибиз керек. Эл аралык сотко азыр бербей кыргыз бийлигине келгенде берсе куп жарашат да”, — деген ал.

2017-жылы Садыр Жапаров колун, мойнун кести деген маалымат тараганда Адахан Мадумаров билдирүү жасап, Жогорку Кеңеш тез арада комиссия түзүшү керектигин айтып чыккан. “Жогорку Кеңеш кезексиз түрдө жыйналып, көз карандысыз комиссия түзүшү керек. Ошол комиссия башынан аягына чейин изилдеп чыгышы шарт”, — деп билдирген Мадумаров.

Мадумаров: “Жапаров сабаттуу”

Адахан Мадумаров Садыр Жапаров өзүн-өзүнө кол салбай турганын белгилеген. “Өзү-өзүнө кол салгыдай ал жанкечти эмес. Садыр Жапаров сабаттуу, маданияттуу, кыргыз нарк-насилин, ислам маданиятын туура түшүнгөн инсан. Ислам маданиятында өзүн-өзүнө кол салбайт. Ал андай жолго барбайт”, — деген Мадумаров.

Садыр Жапаров бийликке келгенде Адахан Мадумаровдун ою кандай өзгөрдү? 

“Сабатсыз”, “Сабаттуу”, “Татыктуу”, “Алгылыктуу иши жок”. Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун бири-бирине карата айткан пикирлери кандай өзгөргөн?

Мадумаров Жапаровдун айткандарын маданиятсыздык жана сабатсыздык деп эсептейт

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып Мадумаров Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду «чыккынчылык» деп атаган.

Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип төмөндөгүлөрдү айткан. «Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат”, — деген Мадумаров.

Мадумаров: “Жапаров менен Ташиев “популист” деген сөздү дагы түшүнбөйт”

Буга чейин президент Садыр Жапаров “Азаттыкка” маек берип жатып Адахан Мадумаровду “популист” деп атаган. Мадумаров болсо алар “популист» деген сөздү дагы түшүнбөй турганын айтып, жооп кайтарган. “Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?”, — деген Мадумаров.

Садыр Жапаров 2021-жылы Адахан Мадумаров жөнүндө эмне дейт?

Жапаров Мадумаров боюнча: “Анын мыйзамдары элдин, мамлекеттин пайдасына иштеп жатат”

Садыр Жапаров дагы Адахан Мадумаров тууралуу жакшы пикирлерин айтып келген. Өзгөндө 2021-жылы президенттик шайлоого карата үгүт иштери учурунда төмөндөгүлөрдү билдирген.Мага Адахан Мадумаров тууралуу оюңузду билдирип койсоңуз деген суроо келди. Адахан Кимсанбаевич татыктуу кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Мен аны өтө жогорку деңгээлде сыйлайм, баалайм. Аны өзү да жакшы билет. 30 жыл оппозицияда жүргөн адам. Бул оңой эмес. 10 жыл оппозицияда жүрөбүз деп жоголуп кете жаздадык. Кыргыз элине эмгеги сиңген. Жүздөгөн мыйзамдардын автору. Бүгүнкү күнгө чейин анын мыйзамдары элдин, мамлекеттин пайдасына иштеп жатат”, — деп айткан Садыр Жапаров президент болору менен пикирин алмаштырган.

Садыр Жапаров 2022-жылы: “Мадумаровдун эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок

Садыр Жапаров ушул сөздөрүнө эле каршы пикирди жакынкы берген маегинде билдирген. “Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур”, — дейт Жапаров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты