Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери 2 миллион сомдон ашык суммадагы мамлекеттик каражатты жашырып келген фактылар аныкталды

  • 2 года мурун

Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери 2 миллион сомдон ашык суммадагы мамлекеттик каражатты жашырып келген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө. Сүлүктү ШИИБинин каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 миллион 482 миң 586 сомду жана ШИИБинин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды. Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндык жалпы суммасы 3 миллион 141 миң сомду түзгөн. 

Бул фактылар боюнча Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты