Сүлүктү шаарындагы турак үйдөн өрт чыкты
- 8 месяцев мурун
6-январь күнү Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы турак үйдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Натыйжада саат 02:47де чектөөгө алынган жалын саат 03:17де толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн каптаган аянты 300 чарчы метрге чейин жетип, адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.
Учурда материалдык чыгым жана өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.
Муну бөлүшүү