Сүлүктү шаарындагы шахтадан чыккан газ тазаланды. Жабыркагандар жок
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 28-ноябрь күнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Байкен-Сүлүктү” ЖЧКСнын шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын №1 Өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган.
Натыйжада куткаруучулар аталган шахтанын 310-340-метрлерине тосмо орнотуп, газдан тазалоо иштерин аткарышты. Жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү