Сүлүктүдө спорт комплексинин курулушу башталды

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки кабаттуу заманбап типтеги спорт комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш ишинин капсула салуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, шаар тургундары катышты.

«Спорт комплекси президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен салынууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы сметалык баасы 26 млн сомду түзгөн спорт комплексинде негизинен спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташкан атайын аянтчалар бар.

Комплекстин жалпы аянты 80 чарчы метрди түзөт. Курулуш иши ушул жылдын октябрь-ноябрь айларына бүткөрүлөрү пландаштырылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты