Сүлүктүдө жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу тартылды

  • 3 месяца мурун

Сүлүктүдө жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 21:00гө карата учурда Сүлүктү шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылды.

Жеринде суунун нугун буруу жана ачыктарды тазалоо ишин жүргүзүшүүдө

Белгилей кетсек 5-май күнү, кечки саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты