Сүлүктүдө 7 турак үй жана балдар бакчасы сел коркунучунан коргоого алынды

  • 1 неделя мурун

Сүлүктүдө 7 турак үй жана балдар бакчасы сел коркунучунан коргоого алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМдин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде облус аймагында сел кооптуулугунан коргоо иштери аткарылууда. Сүлүктү шаарында да учурда сай жээгин бекемдөө иштери жыйынтыкталды.

Макаевка көчөсүндө жайгашкан сел өтүүчү сайды механикалык тазалоо иштерине ӨКМден эксковатор техникасы тартылган. 260 метр аралыкка белгиленген жумуштун натыйжасында аталган участкада жайгашкан 7 турак үй жана балдар бакчасы сел келүү коркунучунан коргоого алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты