Сүйүшкөндөр күнүн кызыктуу өткөрүүгө алты идея
- 1 месяц мурун
- Баяндар
14-февраль – сүйүүнү, камкордукту жана жылуулукту бөлүшө турган романтикалуу күндөрдүн бири. Сүйүктүүңүзгө же жарыңызга күтүүсүз кубаныч тартуулоонун миңдеген жолдору бар. Бул макалада сүйүшкөндөр күнүн унутулгус кылуу үчүн алты идея сунуштайбыз. Классикалык шам үстүндө тамактануудан тартып, түнкү лыжа тебүүгө чейин өзүңүзгө ылайыктуу атмосфера тартуулаган идеяны тандап алсаңыз болот.
“Сүйүү симфониясы” концерти
Программада Э. Элгар, А. Пьяццолла, К. Вайл, Я. Сибелиус, Р. Воан-Уильямс сыяктуу композиторлордун чыгармалары болот. Бул кечени асыл музыканын атмосферасында өткөрүп, руханий дем алып, сүйүү сезимине бөлөнүңүз.
Дата: 14-февраль, саат 19:00
Өткөрүлө турган жай: «Манас» ПКО залы, Киев көч, 96А (Раззаков көчөсү менен кесилишет)
Билеттин баасы: 1000 сом
Маалымат үчүн: 0701 50 55 08, @kassir.kg
Улукманапонун жеке концерти
Сүйүшкөндөрдүн күнүнө карата аткаруучу «Расстояние», «Летали», «Любовь как сон» жана башка популярдуу чыгармаларын сунат.
Дата: 14-февраль, саат 18:00
Өткөрүлө турган жай: Бишкек Арена, Виноградная, 1/3
Билеттин баасы: 1500-3500 сом
Маалымат үчүн: +996 702999099, @iticket.kg
Түнкү лыжа тебүү
Экстрим менен романтикалуу кеч өткөрүүнү каалагандар үчүн сонун мүмкүнчүлүк. 19:30 дан 22:30 га чейин тажрыйбалуу гиддердин коштоосунда лыжа тебүү пландалган. Ал эми 23:00 до сыйкырдуу чырактарды учуруу менен турду жыйынтыктайсыз.
Дата: 14-февраль, саат 15:40
Чогулуучу жай: Чыңгыз Айтматов пр., 91
Баасы: 2900 сом
Маалымат үчүн: +996 778 701 701
@freeway.kg
“Душа” кино түнү
Түгөйлөрдү шамдардын жарыгында даамдуу тамактануу күтөт. Ошондой эле кечени жандуу джаз музыкасы коштойт. Романтикалуу атмосферада “Душа” мультфильми коюлат.
Дата: 14-февраль, саат 20:00
Чогулуучу жай: Байтик Баатыр көч, 73
Баасы: 3000 сом түгөйлөр үчүн
Маалымат үчүн: +996 555 601 020, @napizzakg
Гала кечки тамак
“Орион” отелинде жыл сайын бул күнгө карата шеф Тьерри жана шеф-кондитер Мээрим өзгөчө, уникалдуу меню иштеп чыгат. Адистер тарабынан даярдалган тамактардан даам сызып кетиңиз.
Дата: 14-февраль, саат 19:00
Чогулуучу жай: “Орион” отели, Эркиндик бульвары, 21
Баасы: 8658 сом
Маалымат үчүн: +996 500 684 407, @orionhotelbishkek
Арт кече
Чыгармачылык менен эмоцияларды айкалыштырган арт-кече. Сиздерди чогуу сүрөт тартуу, бири-бириңерге кат жазып открытка жасоо күтөт. Сүрөт тартуу жөндөмү талап кылынбайт. Чогуу жараткан шедеврди алып кетсеңиздер болот.
Дата: 14-февраль, саат 19:00
Чогулуучу жай: Нават, Аалы Токомбаев көч, 21/3
Баасы: 1490 сом бир адамга
Маалымат үчүн: +996 500 684 407, @art_dream.kg