Руслан Кыдырмышев үгүт материалдарына жаш балдарды катыштыруу менен шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

31-октябрда бир мандаттуу округ боюча парламенттик шайлоого катышып жаткан Руслан Кыдырмышев Инстаграм баракчасына үгүт видеосун жүктөгөн. Видео “Биз сөзсүз түрдө бактылуу өлкөдө жашайбыз!” деген аталыш менен чыгып, жаш балдар да чагылдырылган.

Руслан Кыдырмышев үгүт материалдарына жаш балдарды катыштыруу менен шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул үгүт материалдын мыйзамдуулугун текшерип көрдү. 

Руслан Кыдырмышев 

Чүй облусунун Октябрь округу боюнча парламенттик шайлоого катышып жаткан Руслан Кыдырмышев 2021-жылы 7-майда  Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Руслан Кыдырмышев 2006-жылдан баштап ишкердик менен алектене баштаган. 2010-жылы «Кыргыз элдик ишмерлер партиясы» саясий партиясын негиздеп, саясий карьерасын да түптөй баштаган. 

Мындан сырткары Кыдырмышев  “Бакубат Келечек” кайрымдуулук фондунун жетекчиси, ошондой эле Кулатуу Эртаймаш WEF GLOBAL дүйнөлүк улуттук күрөш федерациясынын президенти.

Үгүт материалдарда жаш балдарды колдонууга мыйзам жол бербейт 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 22-беренесинеде үгүт жүргүзүүнүн эрежелери көрсөтүлгөн. Аталган берененин 15-пунктунда “18-жашка толо элек адамдар үгүт жүргүзүүгө тыюу  салынат” деп жазылган. 

Руслан Кыдырмышев үгүт материалдарына жаш балдарды катыштыруу менен шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

Башкача айтканда, жашы жете элек балдарды үгүт жүргүзүү учурунда колдонууга болбойт. 

Буга чейики шайлоолордо да жаш балдарды үгүт материалдарында колдонгон учурлар кездешкен. 

 Алсак, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо, “Реформа”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Биримдик” сыяктуу көптөгөн партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарында жаш балдарды аралаштырышкан. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы бир гана “Реформа” партиясынын кандидаты Акжолтой Токоевге 7500 сом өлчөмүндөгү айып пул чегерген. 

Белгилей кетсек, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү добуш берүү күнүнө 24 саат калганда токтотулат. 

Жыйынтык: Талапкер Руслан Кыдырмышев шайлоо алдындагы үгүт материалдарында жаш балдарды чагылдыруу менен үгүт мыйзамын бузганы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты