Руслан Бекназаровду үй камагына чыгаруу чечими чыкты  

  • 2 года мурун

Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровду үй камагына чыгаруу чечими чыкты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.    

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2-ноябрдагы  токтомуна ылайык, айыпталуучу Б.Р.А.га карата мурда 2022-жылдын 12-декабрына чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү” деп айтылат маалыматта.  

Руслан Бекназаров 12-декабарга чейин камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.

Сүрөттө: Руслан Бекназаров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты